www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы көчөлөрдөгү, сейил бактардагы отургучтардан СПИД оорусун жуктура турган ийнелер табылып жатат деген маалымат тараган.  Бул маалымат тарагандан кийин шаардын Ички иштер башкы башкармалыгы отургучтарды текшерип башташкан. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. 

“Бүл сүрөттөр Бишкекте тартылбашы мүмкүн. Себеби шаар тургундарынан расмий арыз түшө элек. Мындан сырткары, төрт райондун тең аймактык инспекторлору өткөн дем алышта сейил бактардагы, скверлерде жана башка отургучтар бар жерлерди бүт текшерип чыгып, ийне табышкан жок”, -деп милициядан билдиришти. 

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова СПИД оорусун мындай жол менен жугушу ыктымалдуулугу аз деп билдирди.

“СПИД оорусун ачык жерде калтырылган ийнеден жуктуруу ыктымалдуулугу аз. Бул үчүн жугуштуу ийнени ошол замат саюу керек. Ошондо да адамдын иммундук системасы алсыз болуш керек”,-дейт Исмаилова. 

Ал көчөдөгү отургучта калтырылган жагдайда адамга ийне сайылганча таза абадан жана түздөн-түз тийген күн нурунан вирус өлүп каларын белгиледи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аталган жол менен СПИД оорусу жукту деген факт катталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости