www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда Деу Нексия менен Рено Логан унаасы сүзүшкөн.

"1993-жылы туулган М.М. аттуу айдоочу Деу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Садырбаев көчөсүнүн кесилишинен түштүктү көздөй бет алып, 1996-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Рено Логан үлгүсүндөгү унаа менен кагылышуу жасаган. Анда патрулдук милициянын унаасын Деу Нексия жол чырактын кызыл түсүнө карабай катуу ылдамдык менен келип сүзүп, унаа жол кырсыгына учураган”,-деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын натыйжасында, Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү, Рено Логан автоунаасынын айдоочусу жана жанындагы 1987-жылы туулган И.М. аттуу кызматкер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган. Текшерүү учурунда Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталган. Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости