www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коронакризис башталгандан бери кыргыз өкмөтү, бийлиги, баарыбыз каражат таппай жатабыз. Эл аралык каржы институттарынан акча сурап, өкмөт эптеп бюджетти жабуу аракетин көрүп жатат", - деп бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутат мындан мурда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалганын айтып, буларга токтолду:

"Ошол эле убакта биз коррупцияга каршы күрөшүүнү башкы ураан катары колдонуп жүрөбүз. Мен бир маселеге күч органдарынын, президенттин, өкмөттүн өкүлдөрүнүн, фракция жетекчилеринин көңүлүн бургум келет.

Мындан бир аз убакыт мурун Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси коррупциялык ири ишке шектелип кармалды. Андан кийин бизге жеткен маалымат боюнча, УКМКнын бир башкармалыгынын жетекчиси жана дагы бир кызматкер камалды. Өкмөттүн аппаратында дагы ушул маселе боюнча сурак берип жатышат. Бул жерде ири сумма тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан премьер-министр өзүнүн бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеш керек. Бул премьер-министрге жардам болот. Эгерде катыштыгы болсо, ал тез арада жооп бериши керек. Буга чейин "Ала ТВ" деген болгон. Ал жакында "Билайн" компаниясына сатылган. Бирок "Ала ТВ" телеберүүгө гана ыңгайлашкан. Ал "Билайнга" 1 миллион 800 миң долларга сатылып жатат. "Билайн" Мамлекеттик байланыш агенттик аркылуу жакында телеберүүгө деп багытталган жыштыкты интернетке тууралап катташты. Эми ушул жерде чоң маселе болуп жатат.

Буга чейин билесиздер, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц аукцион, сынак менен 1 миллиард 500 миң сомго сатылган. Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц 700 сомго кетип жатат. Менде азыр Мамлекеттик байланыш агенттигинин жашыруун каты турат. Анда "Бул мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келип, бюджетке миллиарддаган акча зыян болот. Биз 200 мегагерцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Ошон үчүн биз мындай кадамга барбашыбыз керек" деп жазылган. Бирок ошого карабастан мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, сынак кылбай булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Бул жерде чоң маселе турат. Ага чейин ошондой эле 900 миллион долларлык бир лицензияны башка уюлдук операторлорго миң сомго сатып жиберген деген УКМКнын каты бул жерде турат. Адистердин эсеби боюнча, жалпы жыштыктан 5 миллиард сомго зыян тартып жатат. Биз эл аралык институттардан жалдырап акча сурап жатабыз. Бизде мекенчил жигиттер, кыздар бар экен өздөрү кызматта турса да "биз айта албайбыз, сен айт" деп жатышат. Бул жерде премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Ошондуктан бүгүндөн калбай, күч органдары катуу киришиши керек. Өкмөт башчы бул кылмышка тиешеси барбы жокпу тез арада далилдеш керек", - деди Жанар Акаев.

Белгилей кетсек, Наталья Черногубова ушул жылдын 12-майында Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кармалган.

“7-апрелде сотко чейинки териштирүү быйыл башталып,  12-май күнү Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Ал уюлдук байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш комитеттин жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып, байланыш операторунун кайра каттоодо мыйзам бузууларга жол берген”, – деген айып коюлган.

Черногубова учурда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында. Ал 11-май күнү кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.org

Последние новости