www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов аталган конвенция менен протокол эл аралык авиациялык укук чөйрөсүндө олуттуу жетишкендикти чагылдырарын белгилеп: “Эл аралык кепилдиктерди түзүү жана аны эл аралык каттоодон өткөрүү аба кемелерин, авиациялык кыймылдаткычтарды жана тик учактарды лизингке берүүчүлөр жана кредиторлор үчүн уникалдуу коргонуу каражаттары болуп саналат. Ошондой эле кредиторлордун тобокелдигин, тиешелүү түрдө кредиттин наркын азайтууга жол ачат”, – деди.

Депутат Умбетаалы Кыдыралиев бардык мамлекеттер кол койгон кепилдик берүү эл аралык режимин түзүү жолу менен насыя берүүчүлөрдү жана аба кемелерин лизингге сунуштоочуларды коргоого багытталгандыгы үчүн мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирди. Ал эми депутат Аалы Карашев Кейптаун конвенциясынын кол коюлган мөөнөтүнө байланышкан маселеге токтолсо, ушундай эле пикирди айткан Дастан Бекешев: “Кыргызстан аталган конвенцияга кошулса кандай мүмкүнчүлүккө ээ болот?” – деп сурады.   

Өз кезегинде министр Жанат Бейшенов өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иш алып барган компаниялардын авиациялык объектилери үчүн каржы алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин белгиледи. Ошондой эле Кейптаун конвенциясына Кыргызстан 2016-жылы кол койгону айтылды.  

Депутат Бакирдин Субанбеков ички аба каттамдарын калыбына келтирүү, “Бишкек – Кара-Балта” унаа жолун сапаттуу куруу маселелерине токтолду. Жанат Бейшенов ички каттамдарды калыбына келтирүү маселесин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Республикалык штаб чечерин айтып: ““Бишкек – Кара-Балта” унаа жолу көзөмөлдө” – деди.  

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости