www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын Габон өлкөсүнүн Франсвилл эл аралык медициналык изилдөө борборунун адистери тарабынан жарганаттардан вирустун жети жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, изилдөөчүлөр өлкө боюнча үңкүрлөрдө жашаган миңден ашык жарганаттарды сыноодон өткөрүп, алардын 18инде коронавирустун жаңы 7 түрү бар экендигин аныкташкан. Жаңы аныкталган вирус жарганаттан адамга жугабы азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, окумуштуулар вирус дүйнө элине жайыла баштаган маалда, ал Ухан шаарындагы базарлардын биринде жарганаттан адамга жугуп, анан тараганын айтышкан. Жарганаттар күчтүү иммунитетке ээ болгондуктан, адамга коркунуч туудурган 50гө жакын ар кандай вирустарды алып жүрүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.org

Последние новости