www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктердин жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана коррупциянын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так иштелип чыккан бир бүтүн тутуму гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылууга жардам берет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көз карандысыз серепчилер менен тыгыз кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегиясынын болжолдуу жумушчу долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу билдирди.

Аталган долбоор 2020-жылдын 11-майында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку Соттун кароосуна жиберилген.

«Стратегиянын иштелип чыккан долбоору бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана коркунучтарына жооп берет, мамлекеттик органдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөр менен системдүү күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат. Ал өлкөнүн антикоррупциялык тийиштүү саясатын күчтөндүргөн бир катар жаңы тартиптерди эске алат», — деди Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу максатында 2019-жылдын ноябрынан тарта «Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу“ 2017-жылдын 2-августундагы № 164 мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу багытында иш жүргөндүгүн кошумчалады. Бул мыйзам долбоору антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдерди киргизет, бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла катаалдаштырат. Бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.

Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдарда бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн эки гана негиз каралган (маалыматтардын чындыкка дал келбеши жана кирешелери менен чыгашаларынын туура келбегендиги жөнүндө маалыматтардын келиши). Бир катар чет мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтөөнү эске алуу менен мыйзам долбоору аркылуу декларацияларды толук текшерүү үчүн бул тизмени дагы алты негиз менен толуктоо каралууда.

«Аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен биздин декларациялык компания кыйла натыйжалуу болот. Өздөрүнүн кирешелери менен чоң чыгашаларын жаап-жашырып келген адамдар эртеби-кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деди Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү багыттарынын бири — декларациялоо жөнүндө мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу болушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгашалары менен кирешелерин декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга  өзгөчө көңүл бурду. Бул мыйзамдардын ченемдерин бузгандыгы үчүн катуу жоопкерчилик каралышы керек. «Мыйзамга өзгөртүүлөрдүн кириши декларативдүү мүнөзгө эле ээ болуп калбастан, иштиктүү механизм менен бекемделиши керек», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртуу процессин тездетүү милдетин койду.

Маалымат үчүн: Коопсуздук кеңешинин катчылыгын координациясы менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу“ 2017-жылдын 2-августундагы № 164 мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Аталган мыйзам долбоору бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашаларын жана кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла күчөтөт, ошондой эле коррупцияга каршы жаңы натыйжалуу механизмдерди киргизет, алардын ичинде:

1) декларанттын башка бирөөнүн мүлкүн иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтарды берип туруу милдети;

2) бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн экиден сегизге чейин негиздердин көбөйүшү.

Анын ичинде:

— декларанттын жана / же анын жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуусу жөнүндө ЖМКга (анын ичинде интернет социалдык тармактардын сайттарында) маалыматтарды жарыялоо;

— декларанттын жана / же анын жакын туугандары тарабынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, баалуу кагаздарды, акцияларды (үлүштөрдү, уюмдардын уставдык капиталындагы үлүштөрдү) сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү декларанттын акыркы үч жылдагы жалпы кирешесинен ашкан суммага жүргүзгөндүгү жөнүндө фактыларды ачыкка чыгаруу;

— декларанттын жана / же анын жакын туугандарынын банктык эсептеринде накталай эмес акча каражаттарынын, ошондой эле эсептик көрсөткүчтөн 20000 эседен ашкан суммада акча каражаттары бар экендиги жөнүндө маалымат алуу;

3) эгерде сатып алынган мүлктүн суммасы аны алган кишинин жалпы кирешесинен ашып кетсе жана ал мүлктү мыйзамдуу алгандыгы тууралуу тастыкталган маалыматты бербесе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкүн мамлекеттин кирешесине кайруу;

5) бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы же ага туура эмес маалымат киргизгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу.

Учурда мыйзам долбоору  Өкмөттүн кароосунда турат, андан ары  Жогорку Кеңешке жиберилет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости