www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сойкулукка жана ыпластыкка үгүттөө фактысы боюнча кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сойкукананы  жабышкан. Буга чейин укук коргоо органдарына кайсы бир аял сойкулук менен байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында  Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгү «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интим-кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан саунанын администратору 1992-жылы туулган К.Ю. кармалган.

Кармалган жаран К.Ю. тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости