www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Толепберген алардын ажырашуусу тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн аягына чекит койду. Тактап айтканда, блогер айым Инстаграм баракчасы аркылуу аягы тыйылбаган ушактарга жооп берди.

"Ар бир жомоктун аягы болот. 

Менин жомогумдун башы жакшы башталып, аягы кайгылуу бүттү! Анын соңу бар, кээ бирөөлөр үчүн бул аягы романтикалуу эмес болушу мүмкүн, бирок эң негизгиси баары чын жүрөктөн айтылды. Мен Мирбекти эң таланттуу артист, кыргыз элинин уулу катары чексиз сыйлайм жана сүйөм. Биз үч балалуу болдук, чогуу жашаган жылдардагы жакшы эскерүүлөр көп. Бирок бул жашоодо жолдор эки башка болгон учурлар болот экен.

Чын жүрөгүмдөн ага жакшылыктарды, өз бактысын табышын, ден соолук, жеңиш жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайм. Жашоомдун белгилүү бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Балдарыбыз биз менен болгон эң жакшы нерсе жана алар бактылуу ата-энелерди көргөндө чындап кубанычта болушат деп ойлойм.

Мен баарын түшүндүрө албайм. Бул жөнүндө биринчи жана акыркы жолу жазып жатам. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан кыйын, бирок силер баарын түшүнүү менен экөөбүз тарапка эч кандай сын айтпайсыңар деп ишенем", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости