www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында турак жайларды жаңылоо жана шаарды көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул иштер эл аралык иш-чараларга гана байланыштуу бир жолку акция эмес, борбор калаанын келбетин системалуу жакшыртууга багытталган узак мөөнөттүү программанын башталышы болуп саналат.

Белгиленгендей, бардык курулуш жана оңдоо иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, техникалык регламенттерге жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүлүүдө. Ошондой эле талаптарды бузуу менен орнотулган объекттердин жана конструкциялардын ээлерине аларды демонтаждоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилүүдө.

Учурдагы этапта иштер шаардын төрт районундагы негизги көчөлөрдү камтыйт. Алардын катарына Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов, Дэн Сяопин, Жибек-Жолу проспектилери, ошондой эле Абдрахманов, Байтик баатыр, Москва, Медеров, Жумабек көчөлөрү жана башка аймактар кирет.

Мэрия аткарылып жаткан иштердин сапаты боюнча жарандардын кайрылуулары ыкчам караларын белгилеп, шаар тургундарынын сунуш-пикирлери иштерди мындан ары жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Ошондой эле шаар бийлиги Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча иштер биринчи кезекте шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүп жатканын, ал эми эл аралык иш-чаралар көптөн бери зарыл болгон өзгөрүүлөрдүн ишке ашуу темпин гана тездеткенин белгиледи.

Последние новости