www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы капиталдык реконструкциядан өткөн «Шахтёр» стадионун салтанаттуу түрдө ачты.

1963-жылы курулган стадион толугу менен жаңыланып, 3975 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорттук аренага айланды. Реконструкциянын алкагында көрүүчүлөр үчүн трибуналар жаңыланып, жарыктандыруу системасы орнотулду. Ошондой эле жасалма газон төшөлүп, спортчулар үчүн бардык зарыл инфраструктура түзүлдү.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев жаңы стадион жаш футболчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

«Бул стадион миңдеген жаштар үчүн мүмкүнчүлүк. Бул келечектеги футболчулар үчүн чоң аянтча. Стадион сиздерге көптөгөн кубанычтуу күндөрдү тартууласын», – деди ал.

Ошондой эле ал акыркы беш жыл ичинде өлкөдө спорт тармагын каржылоо көбөйүп, спорттук инфраструктура жаңыланып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, быйыл 31-августка карата 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган «Бишкек Арена» стадионун пайдаланууга берүү пландалууда.

«Биздин милдет – футболду борбордо гана эмес, өлкөнүн ар бир районунда жана ар бир шаарында өнүктүрүү. Анткени чоң жеңиштер дал ушундай талаалардан башталат», – деп белгиледи Кыргыз футбол биримдигинин президенти.

Салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Биринчи лигасынын кубогу алкагындагы «Шахтёр» жана «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен жыйынтыкталды.

Последние новости