www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Биринчи Май райондук администрациясынын жыйындар залында өтүп, ага департаменттин директору Канатбек Маматов жана директордун орун басары Рустам Алишеров катышты.

Жолугушуунун негизги максаты - ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган мезгилде туристтик агымдарды натыйжалуу уюштуруу маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактар боюнча турларды иштеп чыгуу, туристтик агымдарды кайра бөлүштүрүү, ошондой эле конокторду сапаттуу кабыл алуу максатында туроператорлор менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл региондордогу туристтик багыттарды өнүктүрүүгө бурулуп, бул борбор калаага болгон жүктөмдү азайтууга жана өлкөнүн туристтик потенциалын кеңири ачууга мүмкүндүк берери белгиленди.

Талкууга төмөнкү туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты: di_travel_kg, Cruiser_312, «АсКунАй», ОсОО «Kapriz Travel», Ulush Travel, XTRAVEL, C.A.T. Company, «Инфо-Сервис Компани», Kyrgyz Guided Tours, КАТО, ГОУБАС, «Эстетик Тревел», PEGAS Trip, «Каприз Тревел», «Ак-Сай Трэвел», «Силк Вей Трэвел» жана башкалар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну улантуу жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш алып баруу тууралуу макулдашышты.

 

Последние новости