www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте уу коргошундан ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бейтапты ооруканага тез жардам кызматы жеткирген. Аны Бишкек шаардык Ыкчам медициналык борборунда ырасташты.
«Бүгүн таңкы саат 5.00дө чакыруу болгон. 63 жаштагы киши өтө оор абалда болчу. Аны биз Кардиология жана терапия улуттук борборуна жеткирдик. Ооруканада ал киши уу коргошун ичкенин айтты», - дейт Ыкчам медицина борборунун өкүлү.
Эске салсак, уу коргошунду президент Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденциянын аймагында даярдап, аны Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтаптарга каршы колдонууда.
Булак: NazarNews.kg