www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу «аконитке уулануу, аритмогендик шок» деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. 

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости