www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаддын 68 жаштагы президенти Идрисс Деби Итна 20-апрелде өлкөнүн батышындагы куралдуу оппозиция менен кармашта оор жараат алып, ошол күнү көз жумду.

Ал жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткени расмий жарыяланган.

Бул тууралуу “Agence France-Presse” агенттиги Чаддын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Армиялык корпустун генералы саналган Деби республиканы дээрлик 31 жыл башкарды. Ал 1990-жылы өзүнө караштуу аскерлер менен баш калаа Нджаменаны басып алган. Идрисс Деби Итна Ливия менен Судандын диктаторлору Муаммара Каддафинин жана Омар ал-Баширдин колдоосу менен өзүнүн мурдагы командири, диктатор Хиссен Хабрени бийликтен кулаткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары президент Дебини оппозицияны басып, авторитардык башкарууну орноткону үчүн айыпташкан.

Соңку президенттик шайлоодо Идрисс Деби Итна шайлоочулардын 79,32% добушун алганы расмий жарыяланган. Бул анын акыркы президенттик мөөнөтү экени жана ал бийликти уулу Махаматка мураска калтырууга даярданып жатканы сынга алынган.

Президент өлгөндөн кийин республиканын аскер жетекчилери бийлик 18 айга чейин Махамат Идрис Деби башында турган аскердик кеңешке өткөнүн жарыялашты. Өлкөнүн чек аралары жабылып, коменданттык саат киргизилди.

11-апрелдеги президенттик шайлоо өткөн күнү Ливиянын аймагынан Чадга жалданма куралдуу топтор басып кирген. Бул топтор шайлоодогу башка бир талапкер генерал Халиф Хафтарды колдоп чыгышкан. Идрисс Деби Итна чабуулдун мизин кайтаруу операциясын жеке өзү жетектеп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости