www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизат сатууга шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаанын милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын оперативдүү кызматкерлерине Биринчи май районунда жаш жигит «закладка» аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Шектүү катары 2000-жылы туулган М.К. кармалган. Андан 57 оролгон таңгак табылган. Экспертиза анын 141,23 грамм мефедрон экенин көрсөттү.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталды.
Тергөө жүрүп жатат.