www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Бул көрсөткүч 1993-жылы 767 миң гектар болгон. Натыйжада, акыркы жылдары токойлордун жалпы аянты 506,3 миң гектарга көбөйгөн.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 млн 540 миң гектарды түзүп, анын 799,5 миң гектары токой менен капталган.
Өлкө аймагындагы токойлорду коргоо, сактоо жана башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, бир токой-аңчылык чарбасы жана бир токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.
Кыргызстандын токойлору өсүү шарттарына жана курамына жараша негизинен карагайлуу, арчалуу, жаңгак-мөмөлүү жана башка өсүмдүк зоналарына бөлүнөт. Алар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Ошондой эле токойлор абанын сапатын жакшыртууга, гидрологиялык процесстерди жөнгө салууга жана топуракты шамал менен суу эрозиясынан коргоого көмөктөшөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды токойлорго аяр мамиле жасап, жаратылышты булгабоого жана токой байлыктарын коргоого чакырды.