www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жактоочу 88 жаштагы пенсионердин батирин уулуна каттатып алган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга жабырлануучунун тууганы Анастасия Вельчинская билдирди.
Анын айтымында, чоң энесинин батири Ч.Т. аттуу жаранга катталып калганын алар январь айында билишкен.
Маалыматка караганда, жабырлануучу бир нече ай мурун бир аял менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесине барган. Туугандары бул тууралуу сурай баштаганда, ал эч нерсе түшүндүрө алган эмес.
"Мекемеге барганыбызда батир чоң энемдин атына таандык эмес экенин билдик. Көрсө, ал аял менен чоң энемди курбусу тааныштырган экен. Кийин батирди А.Т. аттуу жактоочу аял баласына каттатып алганы белгилүү болду. Ал карыларга юридикалык жардам көрсөтөрүн айтып, батир боюнча маселе жаралбашы үчүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесине барышы керектигин айткан.
Биз милицияга арыз жазып, алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бирок тергөөчү азыркы убакка чейин жактоочу А.Т.ны кармай элек. Шектүү кайра чоң энебизге катоого көп акча кетиргенин айтыптыр", - дейт Вельчинская.
Ал эми Башкы прокуратура шектүүгө карата кылмыш иши козголгонун тастыктап, тергөө иштерин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүрүп жатканын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg