www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөнүн Германияга "Дружба" мунай өткөрүүчү түтүкчөсү аркылуу мунайды жылына 1,2 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Бул тууралуу казак өлкө башчысы Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия дана Евробиримдиктин лидерлеринин жолугушуусунда айткан.
"Казакстан Германияга мунайды "Дружба" өткөрүүчү түтүгү аркылуу бере баштады. Жыл башынан бери 90 миң тонна мунай жеткирүү аткарылды. Келечекте бул көрсөткүчтү 1,2 миллион тоннага көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар", - деген ал.
29-декабрда "Транснефть" Казакстандан Германияга "Дружба" түтүкчөсү аркылуу мунай өткөрүү боюнча арыз алган. Аталган арызда 2023-жылга карата 1,2 тонна мунай көбөйтүлө тургандыгы боюнча маалымат камтылган.
Булак: NazarNews.kg