www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

27-февралда милицияга арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, 2025-жылдын 19-декабрында ал чет өлкөдөн айыл чарба техникасын алып келип берүүнү убада кылган С.Л. аттуу жаранга ири суммадагы акча берген. Бирок акчаны алган жаран ошол бойдон качып кеткен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, 1992-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Последние новости