www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жалпы массасы 18 тонна жана андан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө дагы деле күчүндө.
Чектөө 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин, күндүз абанын температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда күн сайын 09:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.
Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, муниципалдык жолдорду сактоо жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.
Талаптардын аткарылышын Бишкек шаардык ИИББнин Жол кайгуул кызматы жана мэриянын Муниципалдык инспекциясы көзөмөлдөйт.
Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда чектөөлөрдү эске алып, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын мүмкүнчүлүккө жараша чектөө жок убакытка жылдырууга чакырды.