www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь районунда жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жана мыйзамсыз курулушка каршы иштер уланууда. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Октябрь райондук администрациясынын маалыматына караганда, 7-сентябрда милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү учурунда мыйзамсыз курулуштун үч фактысы аныкталды. Алардын арасында кошумча курулуш куруу, жер тилкесин пайдубалга даярдоо жана дубал тургузуу учурлары бар.
Аталган фактылар боюнча актылар түзүлүп, айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курууга жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди. Курулуш иштери токтотулду.
Мындан тышкары, Көк-Жар конушунун №9 көчөсүндөгү №172 контурда Э.Э. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнү аныкталды. Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.
Райондук администрация жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.