www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-сентябрда Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү иш-чарасы өттү.

Цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Долбоордун алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары үчүн жалпы 44 цистерна сатып алынган.

Алардын сыйымдуулугу 500 жана 1000 литрди түзөт.
Жаңы жабдуулар сүттү санитардык талаптарга ылайык чогултууга, сактоого жана ташууга шарт түзүп, анын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Иш-чарага Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана сүт чогултуу пункттарынын өкүлдөрү катышты.

Илич Марсбек уулу сүт чогултуу пункттарын заманбап жабдуулар менен камсыздоо фермерлер үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоору айыл чарбасын өнүктүрүүгө, фермерлерди колдоого жана ата мекендик айыл чарба продукциясынын сапаты менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Последние новости