www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-августта болжол менен саат 09:20да Чыңгыз Айтматов проспектиндеги №14 үйдүн жанында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Hyundai Sonata» жана «BYD» үлгүсүндөгү унаалар түндүк багытта бара жатып, аялдамага жакындаганда унаалар кагылышкан.
Болжол менен, «BYD» унаасынын башкаруусунда техникалык мүчүлүштүк болуп, андан кийин унаа экинчи унаа менен кагылышып, эки унаа тең аялдамага кирип кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен «Hyundai Sonata′нын» жүргүнчүсү тез жардам бригадасы тарабынан ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок.
Учурда окуянын бардык жагдайлары жана себептери аныкталууда.