www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас» эл аралык аэропорту ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иштөө режимине өтөт.
Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алууга байланыштуу күндүзгү каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Тактап айтканда:
31-августта — саат 09:00дөн 20:00гө чейин;
1-сентябрда — саат 10:00дөн 22:00гө чейин.
«Кыргызстан аэропорттору» авиакомпанияларга каттамдарды бош убакыт аралыгына жылдырууну, ал эми зарыл болгон учурда убактылуу токтото турууну сунуштады.
Ошол эле учурда «Манас» эл аралык аэропорту чектөө киргизилбеген убакыттарда каттамдарды кадимки тартипте кабыл алууну улантат.