www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 25-февральда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунда кызыл түстөгү “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаа жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына аталган авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.

Кайгуул кызматынын өздүк курамы тарабынан багыттамадагы авто унааны издеп табуу тууралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көп өтпөй Махатма Ганди жана Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаанын А.И. атуу айдоочусу кармалып, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми авто унаа убактылуу токтоочу короо жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости