www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин О.Т. аттуу орун басары менен кайгуулчу милиционерлер ортосунда мушташ чыккан эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар ишенимдүү маалымат булагына таянып, милиционерлер чырдаша кетишкенин жазышкан.
ИИМден билдиришкендей, 21–февраль күнү саат 00:05те Москва көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери MVD218B номери тагылган Lada Priora үлгүсүндөгү кызматтык унааны токтотушкан.
«Рулду Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлү мас абалында башкарып бараткан. Ал эми РИИБдин жетекчисинин Т.М. аттуу орун басары жүргүнчү катары бара жаткан», – дешти ИИМден.
Факты боюнча протокол түзүлгөнү белгиленди.
«Автоунаа айып короого токтотулду. Мушташ чыккан эмес. Ошондой эле РИИБ жетекчисинин орун басары рулду башкарып бараткан деген сөз калп», – деп айтылат маалыматта.
Учурда ички иликтөө кызматы окуянын чоо–жайын аныктап жатат.
Ленин РИИБдин орун басары кайгуулчулар менен эмнеге мушташкан?
Булак: NazarNews.kg