www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жүргүнчүлөр бир жолку төлөм менен автобус которо алышы мүмкүн.
Бишкек шаарында коомдук транспорт системасына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, жүргүнчүлөр автобус жана электробустарда жол кирени кайрадан толук төлөбөстөн, белгилүү убакыт ичинде башка маршрутка которо алышат. Тактап айтканда, карта аркылуу төлөм жүргүзгөндөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде бир нече автобус алмаштырып жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Маалыматка ылайык, автобус жана электробустарда жол кире 17 сом бойдон сакталат. Ал эми кичи автобустарда жол кире 20 сом болушу мүмкүн.
Эгер сунуш шаардык кеңеш тарабынан колдоо тапса, жаңы тартип 1-июлдан тарта күчүнө кириши күтүлүүдө.
https://erkin-too.kg/bishkekte-zhurgunchulor-bir-zholu-tolom-zhurguzup-bir-neche-avtobus-kotoro-alat/