www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук кеңешти жаңы улуттук агенттик кылып түздү. Агенттик криптовалюта рыногун жөнгө салып, лицензия берүү, реестр жүргүзүү жана виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө менен алектенет.
Акыркы жылдары Кыргызстан Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун колдоосу менен USDKG жана KGST аттуу санариптик валюталарды ишке киргизген.
Ошол эле учурда Улуу Британия Украинадагы согушка байланыштуу санкциялык тизмесин кеңейтип, USDKG стейблкоинин чыгарган «Виртуалдык активдердин эмитенти» компаниясын санкцияга киргизди. Кыргыз бийлиги бул чечимдин себептерин тактоо үчүн британ тарапка расмий кайрылуу жөнөткөнүн билдирди.
Учурда Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына илинген кыргызстандык компаниялардын саны 31ге жетти. Өкмөт санкциялык тобокелдиктерди көзөмөлдөөнү күчөтүп жатканын маалымдоодо.