www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Кыргызстандын туусу алдында 100дөн ашык кеме каттап жүргөнүн билдирди.

3-июнда «Кыргыз Республикасынын Соода деңизде сүзүү кодексинин» долбоору экинчи окууда каралып жатканда депутат буга чейин бул маселе боюнча Экономика жана коммерция министрлигине кайрылганын айтты. Анын айтымында, министрдин орун басары Султан Ахматов өлкөнүн туусу менен жүргөн кемелер жок экенин билдирген.

Бирок Сагынаев дүйнөдөгү кемелердин жана яхталардын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде көрсөткөн Marine Traffic тиркемесинде Кыргызстандын туусу менен жүргөн 100дөн ашык кеме бар экени көрүнүп турганын белгиледи.

«Аларга ким уруксат берген? Лицензияны кайдан алышкан? Канча салык төлөшөт? Ким көзөмөлдөйт?» — деп суроо салды депутат.

Өз кезегинде Ахматов министрлик эч бир компанияга мындай уруксат бербегенин айтып, деңиз администрациясы кодекс кабыл алынгандан кийин гана түзүлөрүн билдирди.

Сагынаев мындай кемелер мыйзамсыз жүк ташуу, контрабанда же башка мыйзамсыз иштерге аралашып калышы мүмкүн экенин айтып, бул өлкөгө санкциялык коркунуч жаратышы ыктымал деп эскертти.

Ахматов болсо бул алдамчылык болушу мүмкүн экенин белгилеп, маалымат дипломатиялык каналдар аркылуу текшериле турганын айтты. Натыйжада парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Последние новости