www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги ашканадан 22 киши тамакка ууланып ооруканага түштү

Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан №1 Ашканасында адамдар массалык түрдө ууланып, 22 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев тастыктады.

Окуя 25-26-май күндөрү болуп, ар убакта тамактанган адамдар ууланган.

«Бейтаптардын бардыгы бризоль тамагын жегенин айтышты. Бишкектеги Чүй облустук бириктирилген ооруканага — 13, Токмоктогу ооруканага 9 киши түштү. Инфекциялык ооруканада коронавирус менен жаткандар болгондуктан уулангандарды убактылуу кабыл ала албайт», — деди Мурзашев.

Тамактануучу жай текшерүү бүткүчө жабылып, администрациясына 15 миң сом айып салынган. Ошондой эле, уулануунун козгогучун аныктаган изилдөө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости