www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия жарандарды ташуу үчүн кошумча транспорт издеп жатат

Бишкек мэриясынын тиешелүү органдары тарабынан жарандарды ташуу үчүн кошумча транспорт изделүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Бишкек мэриясынын кызматкерлери ташуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Өз кезегинде «Манас» эл аралк аэропорту» ААК шаардыктарды ташуу үчүн Бишкек мэриясына 4 автобус берди», - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда, маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан.

Буга чейин ушул сыяктуу кырдаал ушул жылдын кышында болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости