www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чогулган адамдар Өкмөт үйүнүн алдына барышты.

Алар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны тезирээк табууну талап кылып жатышат.

Ошондой эле чогулгандар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун чыгышын талап кылууда.

Эске салсак, кечээ, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости