www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан парламенттин кароосуна коюлду.

Аталган документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору сунушталды.

Бирок бул ирет аталган мыйзам долбооруна Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги каршы чыкты. Жыйында министрдин орун басары Илязбек Балташев баяндама жасап, сунушталган демилгени ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.

"Маалыматтын жалгандыгын талдоо үчүн ар кандай тармактагы адистердин чоң курамын кошумча тартуу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруучу материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Ошондой эле аларды тартуу үчүн кошумча каражат каралган эмес. Мындай жагдайды эске алуу менен жогорудагы мыйзамдын кабыл алынуусу мүмкүн эмес экендигин билдиребиз", — деди Балташев.

Ошондой эле ал "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомчулукта, ЖМК өкүлдөрүнүн арасында чоң нааразычылыктар болуп, каршы пикирлер айтылганын белгиледи. Аны менен катар интернет мейкиндигин көзөмөлдөө адам укуктарын жана эркиндигин чектөөгө багытталып калганына токтолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости