www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Бабановду отурумга саат 10:15те киргизишкен. Сотко 2 өтүнүч берилген. Ал шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү жана баш коргоо чарасын кароо тууралуу. Азыркы тапта сот чечим чыгара элек.

Бул арада сот имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары кайра чогулду. Ошондой эле жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев менен Калдарбек Баймуратов келген.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу кармаган. Атайын кызматы мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.

Андан кийин экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалган.

Ал эми 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан.

Эске салсак, буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости