www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бүгүн маршруткалар кечке чейин каттамга чыкпашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкектин шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, муниципалитет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок андан тыянак чыга элек.

Мындан тышкары вице-мэр белгилегендей, учурда Бишкек мэриясы шаардык кеңештин депутаттарына кезекесиз жыйынга чогулуп, тарфитерди жогорулатуу боюнча маселени карап берүүнү сунуштоодо.

«Биз токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна алып чыктык, бирок БШКнын депутаттары чогулат деп кепилдик бере албайбыз. Болбосо, маселе БШКнын жаңы курамы шайланганга чейин жылдырылат», - деп түшүндүрдү вице-мэр.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости