www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда О.Н. аттуу жаран Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде кире бериш эшиктин кулпусуна туура келген ачкычты тандап, мыйзамсыз кирип 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен адамдарга чара көрүү өтүнүч менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык (уурулук) кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жүрүшүндө буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон Казакстандын 1981-жылы туулган М.Т. аттуу жараны кармалган.  

Кийин райондук тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Ленин районунун соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости