www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдамчылык) боюнча баюунун жеке кызыкчылыгын көздөп, алдамчылык жолу менен кыргыз жараны Б.Д.К.нын ишенимине кирип, санариптик активге ээ болуу максаты менен мыйзамсыз түрдө 1 миллион 800 миң доллар өлчөмүндөгү криптовалютаны ээлеп алган Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg