Бишкектеги №70 мектеп 2 жумага карантинге жабылды
Коом  |   |  437

Бишкектеги №70 мектеп 2 жумага карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп карантинге 19-февралда жабылган. Себеби, аталган мектептин эки окуучусунан жана эки мугалиминен коронавирус аныкталган. Бул пандемия башталган тарта Бишкекте коронавируска байланыштуу иштеп жаткан мектеп карантинге жөнөтүлгөн биринчи учур.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями