www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда Абдулла Нурен аттуу балыкчы Рота аралынын жээгинен жүзү адамдын жүзүнө окшош болгон акуланын баласын кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, балыкчы тор салып андан акула кармап алган. Ал акуланы сатуу үчүн союп жатканда ичинен акуланын балдары табылган. Эки акула кадимки акулаларга окшош болсо, үчүнчүсүнүн жүзү адамга окшош болгон. Балыкчынын айтымында, кошуналары акуланын баласын сатып алгылары келген, бирок ал макул болбой койгон.

"Менин үйүмө акуланы көрүү үчүн көптөр келди. Бирок мен аларды саткан жокмун. Бул акула мага ийгилик алып келет деп ойлойм", - деген балыкчы.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости