www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алканова: “Райымбек Матраимов бет тырмарлык кылган жок”

“Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов чириген бажы системасына аралашкан жокмун деп бет тырмарлык кылган жок. Ал мойнуна алды”. Бул тууралуу журналист Элнура Алканова Najdak.kg редакциясынын түз эфиринде айтты.

Анын билдиргенине караганда, мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, жемкорлукка аралашпаган таза адамдар жок.

“Тергөө чириген бажы системасынын ичине Райымбек Матраимовду аралашкан деп тапты. Матраимов аны танган жок, тескерисинче  ал “ооба, система чириген, пара алат” деп аргасыздан системага аралашканын мойнуна алды. Мамлекеттик кызматта иштеген таза адам жок, баары аралашкан, бирок аны эч ким мойнуна алган эмес. Ал эми Райымбек Матраимов моюндады, “камасаңар камыгыла” деди. 2 миллиард айып пул төлөдү“, – деди Алканова.

Журналист Райымбек Матраимовдун суракка барганын, тергөө менен кызматташканын, сыртка качып кетпей айыппул төлөгөндүгүн айтып, камакка албай эле тергөө жүргүзүлсүн деген талап менен тынчтык митингине чыкканын кошумчалады. Эске салсак, Эльнура Алканова Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камалышына каршы элди тынчтык митингине чыгууга үндөгөн эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости