www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда 20 миңден ашык бөтөлкө алкоголь мыйзамсыз сатылып жаткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгы аныкталган.

"Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миллион сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости