www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги #REакция 3.0. митинги өтүп жатат

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбашеванын «Маалыматты манипуляцилоо» мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат.

Митингчилер эл өкүлүнүн отставкасын талап кылууда. 

Митингге «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы кошулуп, ал сөз эркиндигине кысымга каршы экенин билдирди.

Акция катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдон парламент кабыл алган мыйзамды артка кайтарууну өтүнүшөт.

Белгилей кетсек, жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости