www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир нече кафе ашыкча коромжулук менен коштолуучу үй-бүлөлүк салтанаттарды жана куран окутууларды өткөрүүдөн баш тартты. Борбор калаанын мэриясы 2-февралда билдиргендей, Ленин жана Свердлов райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү ири кафе жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү.

Натыйжада Свердлов районунун аймагындагы «Жибек Жолу», «Фаризат», «Мансур», «Гранат», «Ават» кафелери менен келишим түзүлдү. Ал келишимде кафелер мындай иш-чараларды тейлөөдөн баш тартууга убада беришти.

Ленин районунун акимчилигинде өткөн жолугушууда кафе жетекчилерине президенттин бул багытта кабыл алынган жарлыгы бар экени эскертилди. Ишкерлер мечит имамдарын диний жөрөлгөлөрдү, Орозо маалында кечкисин ооз ачуу иш-чараларын уюштурууну каалаган адамдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакыруу керектигин сунуш кылышты.

2022-жылдын февраль айында президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Бул жарлыкка түшүндүрмөсүндө мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам” деп белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости