www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук Байкоочу кеңеши жетекчи Кубанычбек Кулбатыровдун ишинде мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыгышты

Бишкекте шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетечиси Кубанычбек Кулбатыровду кызматтан алуу талаптары күчөп чыга баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук Байкоочу кеңеши бул жетекчинин ишинде көп одоно мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыгышты. Ошондой эле шаардык жетекчиге Башкы прокуратуранын дагы дооматтары бар.

Кечээ маалымат жыйынын өткөргөн коомдук Байкоочу кеңеш мүчөлөрү аталган мекеменин башчысы одоно мыйзам бузууларга барган. Аны кызматтан алууга бир канча негиздер бар экенине карабай дагы деле иштеп жатат деп сынга алышты.

"Шаарда канча үй бүлөлүк дарыгерлер борбору болсо алардын жетекчилеринин баары менен 2-3 айга гана эмгек келишими түзүлгөн. Аларды улам-улам узартыш керек. Бул эмне деген жумуш? Эмне себептен мындай болуп жатат? Айрымдар бизге келип алардан акча талап кылып жатканын айтып жатышат. Негизи бул адам мурда министирликтин кадрлар кызматында иштеген. Баарын билип туруп, Кулбатыров атайлап ушундай кылып жатат деп ойлоп жатабыз. Мекемелер аралык комиссия Кулбатыровдун иши боюнча он төрт пункттан турган ар кандай кемчиликтерди аныктаган. Ошондон кийин аны кызматтан алуу боюнча кагаздардын баары министирлик менен мэрияга берилген. Андан бери эки жумадан ашык убакыт өтсө да азыркыга чейин эч кандай чечим жок",-дейт коомдук Байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев.

Департамент башчысы Кулбатыров менен учурда мурдагы бир нече жетекчилер соттошуп жатканы маалым болду. Алардын бири №2- үй булөөлүк дарыгерлер борборунун мурдагы жетекчиси Жыргал Касымалиева.

"Азыр Кулбатыровдун толгон-токой былыктары чыгып атат. Мен эле эмес менден башка дагы көп жетекчилерди негизсиз бошоткондугу үчүн соттошуп жатышат. Мунун кадрдык башаламандыктарынан улам прокуратура да кызмат абалы боюнча суроо чечилсин деген. Ага карабай жыйынтык жок",-дейт №2- үй бүлөөлүк дарыгерлер борборунун мурдагы жетекчиси Жыргал Касымалиева.

Дарыгер өзүнүн иштен мыйзамсыз алынганын айтып, бул боюнча Ленин райондук соттон утуп алганына карабай, Кулбатыров сот чечимин аткарбай жатат дейт. Буга жооп иретинде департамент соттун мындай чечимине макул болбой, аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылгандыгын айтат.

Болуп жаткан бул баардык карама-каршылыктардын эч кандай негизи жок деп эсептээрин департамент башчысы Кулбатыров Би-Би-Сиге айтып берди.

Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетечиси Кубанычбек Кулбатыров

Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетечиси Кубанычбек Кулбатыров

Ал ошондой эле буга чейин Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссия аныктап чыккан он беш пункттан турган мыйзам бузуулардын тизмесинин бир да жүйөсү жок дейт.

"Экотехинспекциянын жетекчси мага расмий жооп берди. Анда жетекчилер өз ыктыяры менен макулдугун берсе, эки айбы же үч айбы эмгек келишимин түзө алам. Мен бул жерде эч кандай мыйзам бузган жокмун. Келишим бир айга түзүлөбү же эки, үч айбы ал менин укугум. Аларга тапанча такап кыйнаган жокмун. Мен мыйзамдуу иштеп жатам. Мыйзамды бузуп иш алып баргыдай менин эки башым жок. Алар койгон он беш пункт боюнча мен ар бирине тактап жооп бердим. Булар негизсиз эле оюна келгендин баарын чыгарып жатышат. Менде каржылык мыйзам бузуу болушу да мүмкүн эмес",-дейт Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетечиси Кубанычбек Кулбатыров.

Кубанычбек Кулбатыров: Менде каржылык мыйзам бузуу болушу да мүмкүн эмес

Кубанычбек Кулбатыров: Менде каржылык мыйзам бузуу болушу да мүмкүн эмес

Бирок Бишкек шаардык прокуратурасы, ушул жылдын 17-февралында Кулбатыров бир нече мыйзам бузууларга барганы боюнча, министр Талантбек Батыралиевге жазуу жүзүндө кайрылган. Анда жетекчинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча да мыйзам бузгандыгы көрсөтүлгөн.

Департамент башчысынын иштен кетишин талап кылгандар мэриядан жыйынтык күткөнү менен баш калаанын вице мэри Айгүл Рыскулова, департамент башчысын дайындоо же кызматтан алуу министрдин ыйгарым укугу экенин Би-Би-Сиге билдирди.

Айгүл Рыскулова: департамент башчысын дайындоо же кызматтан алуу министрдин ыйгарым укугу

Айгүл Рыскулова: департамент башчысын дайындоо же кызматтан алуу министрдин ыйгарым укугу

Бул маселе боюнча министр Батыралиевге кайрылганыбыз менен азырынча ак же көк деп жооп бере элек.

Булак: "bbc.com"

Последние новости