www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Манас-Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта жашыл жерлерди сугаруу үчүн жаңы скважина ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, суу алуучу түзүлүш эки функцияны ишке ашырат. Биринчиси сууну (жер астындагы суулар) жер бетинен ылдыйда жаткан горизонтторго буруудан турат. Экинчиси, сугат үчүн төмөнкү горизонттордон жер астындагы сууларды чыгарууну уюштурат. Конструкция сугарууга ыңгайлуу болуп саналат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, жаңы скважинанын жардамы менен сугат суусу 32 метр тереңдиктен алынат.
Мындан тышкары, сейил бакка болжол менен узундугу 1000 метрге жакын сугаруу системасын орнотуу боюнча келишим түзүлдү.
Белгилей кетсек, скважина "Ас-Сафа" коомдук фондунун колдоосу менен курулду.
Булак: NazarNews.kg