www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда уюмдун алкагында бир тууган өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы арттыруу маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев алгач Султан Раевди ТҮРКСОЙго башкы катчы болуп шайланышы менен куттуктап: “Сиздин бай тажрыйбаңыз жана түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңыз боордош мамлекеттердин маданий байланышын чыңдоого өбөлгө түзүп, уюмдун иши жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө терең ишенем”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн өөрчүтүү максатын көздөгөн бардык уюмдарды колдоорун белгилеп: “Айрыкча маданий өзгөчөлүктөрүбүз боордоштугубуздун негизги көрсөткүчү. Андыктан, кылымдардан келе жаткан көөнө каада-салтыбызды, руханий баалуулуктарыбызды бир тууган өлкөлөр арасында жайылтып, дүйнөлүк деңгээлде таанытуубуз кажет. Мында ТҮРКСОЙдун ролу өзгөчө” ,- деп кошумчалады.

Андан тышкары, кыргыз элинин белгилүү акын жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу менен жалпы түрк окурмандарына жайылтып жатканы үчүн уюмга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, башкы катчы Султан Раев жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, өзү жетеген Эл аралык Түрк маданияты уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

“Түрк дүйнөсүнүн алкагында түзүлгөн уюмдардын алгачкысы жана бардык түрк мамлекеттери мүчө экендиги менен өзгөчөлөнгөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кийинки жылы 30 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында тили, дили окшош элдердин маданий байланышын арттырган алтын көпүрө катары жигердүү кызмат кылып келди. Ири иш-чаралар өткөрүлүп, уюм алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды”, - деди Султан Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости