www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жакырлардын саны жыл сайын 7-8% өсүп баратканын көрсөтүүдө. Улуттук статистика комитетинин расмий эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылы Кыргызстандагы жакырлардын саны 2 млн. 244 миң киши деп эсептелген. Бул сан Кыргызстандын калкынын 33,3%нан ашат. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр жашайт. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылыктын чегине жакын жашайт деп эсептелет.

Ал эми 2022-жыл боюнча айтсак, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 21-ноябрда парламентте Кыргызстанда 2 млн. 400 миң адам жакырчылыкта күн кечирип жатканын билдирген. Демек, 2022-жылы Кыргызстанда дагы 160 миңге чукул адам жакырлардын катарын толуктаган. Башкача айтканда, жакырчылык былтыркы жылга караганда дээрлик 7%га ѳскѳн. 

Кыргызстанда жакырчылык Керектөө наркынын индекси деп аталган методология менен ченелет. Ага ылайык, 2022-жылы кирешеси киши башына жылына 45 800 сом же андан аз үй-бүлө жакырчылыкта, ал эми 30 536 сом же андан аз болсо өтө жакырчылыкта жашайт деп эсептелген.

Бул суммаларды айына бөлө келгенде Кыргызстанда жакыр деген адам айына 3817 сом, ал эми өтө жакыр адам 2545 сомго жашайт дегенди билдирет.
Статистикалык маалыматтарга караганда, 2021-жылы Кыргызстанда жакырлардын саны кескин өсүп кеткен. 2020-жылы жакырчылыкта жашагандардын саны 1 млн. 651 миң киши же 25,3% болсо, 2021-жылдын аягына карай алардын саны 2 млн. 244 миң кишиге же 33,3% жеткен.

Ал эми өтө жакырлардын көрсөткүчү 2020-жылы 59 миң киши же 0,9% болсо, 2021-жылдын аягында алар 407 миң кишиден ашкан же туура 6% түзүп калган. Тагыраагы бир жыл ичинде эле 600 миңге жакын адам жакырлардын, дээрлик 350 миң киши өтө жакырлардын катарын толуктаган.

Расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли боюнча Жалал-Абад облусу алдыда турат. 2021-жылы облус калкынын 43,2% жакырчылыкта жашайт деп аныкталган. Ал эми өтө жакырлардын саны Баткен облусунда катталган.

Ушунун баары жыргатат деген азыркы бийликтин тушунда болуп жатат. Мына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов учурда Кыргызстанда 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала жашап жатканын айткан. Бул жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Натыйжада жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачарын айткан. 
Эл аралык эксперттер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун кесепеттери Кыргызстандагы жакырчылыкты күчөтөт деп күтүшөт. Алар согуш инфляция менен акча которууларга таасир этет деп эсептешет.

Июнь айында Бириккен Улуттар Уюмунун өтө жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянып 2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда жакырчылык деңгээли 33,3 пайыздан 38% чейин өсөрүн божомолдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости