www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан өзүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга бүгүнкү күнгѳ чейин кудурети жетпей, коңшуларга көз каранды болуп келе жатат.
Газ, нефти тармагы толук түрдѳ Россиянын колунда. Бизде кенедей да ѳз алдыбызча болууга шарт жок. Рычаг орустарда. Өлкөбүз жетишерлик түрдө суу ресурстарына бай болсо дагы, гидроэнергетилак абалыбыз чеке жылытпайт. Коңшуларга суу топтоп берип, алардын талаа сугат иштерин камсыздап бергенибиз менен кышкысын өзүбүзгө электр энергиясы тартыш болуп, коңшу Түркмѳнстан, Казакстандан бери импортоп келебиз. Болгондо да өз наркынан өтө кымбат баада. Мына быйыл 1 киловатт саат электр энергиясын 7 сомдон алып жатабыз. Бизде Кара-Кечеде көмүрдүн кору миллиарддаган тонна болсо да, азыркыга чейин Казакстандын көмүрүнө көз каранды болгон жагдайдан арыла элекпиз.
Айтор, энергетикалык абалыбыз 30 жыл өтсө да оор. Дагы жакшы, Атамбаевдин эрки, көрөгөч саясаты менен Датка-Кемин көмөк чордону, 500 киловолть электр линиясы курулуп Өзбекстанга көз каранды болгондон кутулдук. ТЭЦ модернизация болуп, Бишкек шаары коллапс абалдан чыкты. Бул акыйкатты ичибизди тарытпай эле айтышыбыз керек.
Анан күлкүнү келтирип, чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлат дегендей, өзүбүздүн элди арзан баада көмүр менен камсыз кылып бере албай жатып, укмуш өсүп-өнүгүү болуп жаткандай Кыргызстан Европага көмүр эскпорттой баштады деп элдин башын айлантып, “чудо” жаратып жаткансыган азыркы бийликтин жоругуна баш чайкагандан башка аргаң калбайт.
Мына Улуттук статистикалык комитет Кыргызстан 2022-жылы Европанын 6 өлкөсүнө 79 миң 526 тонна көмүр экспорттогонун билдирди. Маалыматка ылайык, күздөн бери аталган көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү — 22 миң тоннадан ашыгы жеткирилген.
Кыргыз көмүрүнө Румыниянын кызыгуусу артып, эң көп 3,3 млн долларга 54,6 миң тонна көмүр сатып алган. Тоннасы орточо эсеп менен 61 долларды түзгөн.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен көмүр импорттоо боюнча экинчи орунда Польша турат. Ал 1,2 млн долларга 23 миң тонна сатып алган, мында тоннасы орточо эсеп менен 53 долларды түзөт.
Ал эми Эстонияга 60,5 тонна, Чехияга 20 тонна таш көмүр жеткирилген. Латвия менен Литва 2 тоннага жетпеген сыноо партиясын алышкан. Ошол эле учурда Чехия, Латвия жана Литвада тоннасына орточо баа 80 долларды, Эстонияда 25 долларды түздү.
Жалпысынан 2022-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө 550,6 миң тоннадан ашык көмүр экспорттогон.
Негизги көлөмдү Өзбекстан сатып алган – дээрлик 431 миң тонна. Өзбекстандык өнөктөштөр үчүн тоннасына орточо баа 31,4 долларды түздү.
Бул дегендик, биздин сом менен алганда 2670 сомго барабар. Ошондо Ѳзбекстанга ѳзүбүздүн элге бергенден арзан берип жатышат. Ушндай кең пейил, берешен бийликтин саясатына ичиң жылыйт да. Өзүнүн элине 4000-5000 сомдон берип, коңшу өлкөгө эки эсе арзан берген кандай колу ачык биздин өлкө жетекчилери.
Булак: NazarNews.kg