www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан кийин үйсүз калган жарандарга турак жай куруу иштери 22-октябрда башталган. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, комиссия 420 үй талкаланганын аныктаган. Учурда 416 үй курулууда.

«1 үй Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда, 104 үй Лейлек районунда жайгашкан», - деди Жетибаев.

Башкы подрядчик катары «Аманат Курулуш Инвест» компаниясы тандалган. Ошол эле учурда, 33 компания субподрядчик катары иштеп жатат. Келишим боюнча 1 үй 3 миллион 315 миң сомго курулууда.

Жетибаев билдиргендей, бүгүнкү күндө 2 объект толугу менен курулуп бүткөн. Курулуш иштерин жаз мезгилинде бүтүрүү пландалган.

Депутат Исхак Масалиев «Аманат Курулуш Инвест» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады.

«Бул жерде коррупциянын белгилери бар. Бир компания миллиондорду алып, ишти өз мөөнөтүндө аткарбай, жумушту субподрядчыларга бөлүштүрүүдө», - деди ал.

Ал эми депутат Винера Раимбачаева Баткендин 3 миңден ашуун жараны учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашап жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Аманат Курулуш Инвесттин» жетекчиси — Камбаров Давид Равшанбекович. Компаниянын негиздөөчүлөрү — Камбаров Давид Равшанбекович, Нурланбек уулу Адилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости