www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги түнкү клубдун алдында асманга ок чыгарган адам тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Мындай чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган, тергөө уланууда.

Белгилей кетсек, 14-майга караган түнү Асанбай кичи районундагы түнкү клубда эркек кишинин асманды көздөй ок атып, милицияга чакыруу түшкөн. Ыкчам топ барып, 34 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап Тергөө кызматына алып келген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кээ бир ЖМКлар ал Экономика министрлигинин кызматкери экенин жазышкан. Кийин ведомство ал Региондор аралык башкармалыкты жетектеп келгендигин, бирок 1-апрелден 6-майга чейин эмгек өргүүдө болуп, 10-майда иштен өз каалоосу менен бошонгондугун билдирген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости